“Интервью өнөрү” тренинги

“Маалымат укугу борбору” коомдук бирикмеси 29-30-мартта аймактагы журналисттер үчүн тренинг өткөрөт.

Тренинг Бишкекте, “Маалымат укугу борборунун” кеңсесинде өтөт. Катышуучу интервью жанрынын өзгөчөлүктөрүнө, адамдарды кантип сүйлөтүп, курч жана капыстан суроо берүү өнөрүнө ынтызар болууга тийиш.

Устат катары белгилүү журналист, “Азаттык” радиосунун Бишкек бюро башчысы Султан Жумагулов чакырылды. Окутуу талкуу, интерактивдүү алым-сабак жана практикалык иш түрүндө болот.

Окутуу акысыз. Тренинге катышуучулар саны чектелүү, каалоочулар резюмесин 24 -мартка чейин zharkynai@medialaw.kg дарегине жиберсе же (312) 663006 номуруна (Жаркынай) чалса болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

(Русский)

(Русский)