ММК колдоо борборунун тарыхы

Борборду�� уюштурулушу 2000-жылдын башталышында бир топ таламдаш адамдардын көз карандысыз басмакана ачуу сунуштары өбөлгө болду. 2002-жылы 17-июлда АКШнын мамлекетт��к департаменти Кыргыз Республикасында көз карандысыз басмакана ачуу долбоорун жактырып, долбоорду ишке ашыруу боюнча Фридом Хаус уюму менен келишим түздү. 2002-жылдын аягында Борбор уюштурулду. Долбоордун директору болуп Майк Стоун дайындалды. «ММК колдоо борборунун» биринчи башкы директору Наталья Галлямова айым болду. 2003-жылдын 14-ноябрында «ММК колдоо борбору» басмаканасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземге Кыргызстандан жана АКШдан көрүнүктүү саясат��ылар жана коомдук ишмерлер катышты.

2003-жылдын 26-ноябрында «ММК колдоо борбору» Кыргыз Республикасын тарыхында биринчи жолу түстүү гезитти басып чыкты. 2004-жылдын август айын��а Борбор чыгашасыз иштөөгө жетип, ошол убактан тарта өз алдынча чыгашаларын актап келет. Ошол эле жылы ноябрь жана декабрь айларында Борбордук Азиянын ба��ка мамлекеттеринен да (Казакс��ан, Тажикстан) басылмалар келип гезиттерин чыгара башташты. Ошондон тарта «ММК колдоо борбору» Кыргызстандагы басма рыногунун алдыңкы катарында келатат жана ал жетишкендиктери менен эле токтоп калбай басылмалардын ишине сапаттуу  өзгөртүүлөрдү кир��изип келет.

2007-жылы Борбор Кыргызстандын басма рыногунда биринчи жолу Plate-Shop —  пластиналарды чыгаруу боюнча коммерциялык сервистик-борбору жаңы кызматынын бет ачарын жасады. Гезит басып чыгаруудан сырткары, «ММК колдоо борбору» басма кызматкерлерин: дизайнер, жасалгалоочу, журналисттерди даярдап чыгарууга көңүлүн бурду. Ошол себе��тен тренинг-борбор уюштурулуп, Кыргызстандан жана Россиядан тажрыйбалуу адистерди чакырд��.

2008-жылдын жай айларында «ММК колдоо борбору» «Медиаменеджменттин жайкы мектеби» долбоорун ийгиликтүү ишке ашырды. Ал долбоордун алкагындагы басылмалардын кызматкерлери жана ага кызыккандар Кыргызстан, Россия жана Батыш Европадан келген мыкты адистердин басма продукцияларын таратуу, жарнама тартуу, редакцияны башкаруу, маркетинг, жасалгалоо жана дизайн боюнча семинарларына катыша алышты.

(Русский)

(Русский)