Бүгүн, 4-июнь күнү Ош шаарындагы № 52 «Кыргыз-түрк достугу» мектеп лицейинде «Мектеп турмушун социалдык желелерде чагылдыруу» аттуу семинар-тренинг өттү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Р. Закиров билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарындагы мектептердин медиа боюнча жооптуу кызматкерлери жана башка жаш мугалимдердин катышуусунда өткөн иш-чара «2019-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында уюштурулду.
Семинар-тренингдин биринчи бөлүгүндө «Идар» гезитинин башкы редактору, белгилүү журналист Тургунбай Алдакулов «Мектеп жаңылыктарынын текстин даярдоо жана социалдык желелерге жайгаштыруу» деген темада баяндама жасаса, экинчи бөлүгүндө түркиялык блоггер, кыргыз интернет дүйнөсүндөгү таанымал фотограф Зафер Динжер «Мектеп турмушун фото аркылуу чагылдыруу» деген темада өз тажрыйбаларын бөлүштү.
Эске сала кетсек, 2018-2019-окуу жылынын башында Ош шаарындагы бардык мектептерде медиа-борборлор түзүлүп, медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу жаатында бир топ усулдук иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Добавить комментарий