Мектеп жана ЖМК кызматташтыгы боюнча семинар Ошто өттү

Ош шаарындагы № 52 «Кыргыз-түрк достугу» мектеп лицейинде «Мектептик медиа борборлор менен ЖМКлардын кызматташуусунун натыйжалуулугу» аттуу семинар тренинг өттү, ага шаардагы мектептердин медиа борборлорунун жооптуулары катышты. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлагандай бул иш-чара «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында аталган башкармалыктын окуу-усулдук каанасынын демилгеси, IREX Europe жана UK in Kyrgyzstan колдоосу менен уюштурулган.

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратовдун айтуусунда 2 күнгө бул иш чарада шаардагы жалпы 55 мектептин медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча иш алып барган 55 мугалимдери менен мектептик медиа борборлордун жооптуу 55 окуучулары окутулду.

 

«Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мектеп турмушунда күн сайын ары кызыктуу, ары пайдалуу жаңылыктар көп болуп турат. Мына ошол саамалыктарды ЖМК аркылуу системалуу чагылдыруу зарылдыгы келип чыккандыктан, бул семинарды уюштурууну пландаганбыз. Бул семинарда медиа боюнча жооптуу мугалимдер менен окуучулар мектептик медиа-борборлорду санариптештирүү, билим берүү тармагынын ЖМКларда чагылдырылуусу жана алар менен кызматташуунун натыйжалуу жыйынтыктары боюнча маалымат алышты.  Мындан тышкары журналист, редакторлор келип, пресс-релиз даярдоонун усулдарын үйрөтүштү» — дейт Т. Досмуратов.

 

Эске сала кетсек, 2018-2019-окуу жылынын башында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругуна ылайык шаардагы бардык мамлекеттик мектептерде мектептик медиа борборлор уюштурулуп, тийиштүү мугалимдер медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча атайын окуудан өтүшкөн.

 

WhatsApp Image 2019-02-15 at 4.14.23 PM WhatsApp Image 2019-02-15 at 4.14.24 PM WhatsApp Image 2019-02-16 at 10.13.07 AM WhatsApp Image 2019-02-16 at 10.13.31 AM WhatsApp Image 2019-02-16 at 10.13.34 AM(1) WhatsApp Image 2019-02-16 at 10.14.30 AM

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*