Салттуу «Мыкты Медиа Бурч» сынагы

Урматтуу мугалимдер, сүйүктүү окуучу достор!

Сиздер үчүн жагымдуу жаңылыгыбыз бар!

«ММК Колдоо Борбору» Фонду Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү Федералдык министрлиги, ошондой эле Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда Кыргызстанда медиа маалыматтык сабаттуулукту арттыруу боюнча долбоорунун алкагында мектептер арасында жыл сайын өтүүчү «Мыкты Медиа Бурч» сынагынын башталганын жарыялайт.

 

Сынактын максаты – медиа маалыматтык сабаттуулукту, сынчыл ойломду,  интернет коопсуздугун жана санариптик сабаттуулукту алга жылдырууга умтулган демилгелүү жана мыкты Медиа Борборлорду колдоо.

 

Медиа Бурч Facebook, Instagram баракчаларында же Youtube каналында болуусу мүмкүн. 

Сынакка мурдатан иштеп келе жаткан медиа бурч катары да, жаңы медиа бурч катары да катышса болот.

 

Медиа Бурчтун командасынын курамы:

  • 1 жооптуу мугалим;
  • 3-10 окуучу (команданын лидерин кошкондо).

 

Сынактын шарттары:

 

  1. Медиа Бурчуңуздарды 11-30-сентябрь аралыгында кыргыз тилиндеги же болбосо орус тилиндеги  анкетаны толтуруу менен каттооңуздар зарыл;
  2. 1-27-октябрь аралыгы (же каттоодон кийин дароо эле) медиа бурчтун активдүүлүк мезгили:

 

  • маалыматтык постторду жасоо, кызыктуу рубрикалар, фото жана видео публикациялар, сурамжылоо жүргүзүү, Медиа Бурчктун баракчаларына жазылуучуларды (подписчиктерди) тартуу; 
  • сөзсүз түрдө #MediaUgolok2019 #MediaSabak хештегдерин пайдалануу (хештегсиз постуңуздарды көрө албайбыз);
  • биздин Facebook, Instagram баракчаларыбызга жана Youtube каналыбызга жазылган болуу керек.

 

Эмгектер мазмундуу, маалыматтуу, эң негизгиси кызыктуу болуусу зарыл. Көп лайк, бөлүшүүлөр жана системалуулук маанилүү (эмгектер жумасына эң аз дегенде эки ирет жарыялануусу зарыл).

 

Сынак 2019-жылдын 27-октябрында, саат 17:00 дө аяктайт. 28-31-октябрь күндөрү сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

 

Эң негизгисине келели — БАЙГЕЛЕР!

 

Сынактын жыйынтыгын жарыялоо, ноутбук, мобилдик роутер өңдүү баалуу байгелер менен сертификаттарды тапшыруу аземи 2019-жылдын 5-ноябрында Ош шаарынын Бекмамат Осмонов көчөсү 15а дарегиндеги № 52 «Кыргыз-түрк достугу» лицейинде салттуу «Мыкты Медиа Бурч» форумунда өткөрүлөт.


МААНИЛҮҮСҮ!

 

Финалисттерди тандоо «ММК Колдоо Борбору» Фонду тарабынан конкурстук негизде жүргүзүлөт. Мында катышуучунун мектептик Медиа Бурчту андан ары жайылтуудагы мотивациясы менен даярдыгы бааланат.

 

Кызыктырган суроолор боюнча 0777 230286, 0555 230286 номерлерине чалуу (Тынчтыкбек) же mediasabakkg@gmail.com электрондук дарегине жазуу аркылуу байланышууга болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*