Ошто билим берүү кызматкерлеринин Январь усулдук окуусу өттү

2019-жылдын 8-10-январь күндөрү Ош шаарындагы билим берүү кызматкерлеринин Январь усулдук окуусу өттү. Мында 2018-2019-окуу жылынын I жарым жылдыгы жыйынтыкталып, II жарым жылдыкка карата пландар түзүлдү. Муну менен катар билим берүүдөгү жаңылыктар айтылып, айрым көйгөйлөр талкууга алынды.

 

Ош шаарындагы № 4 Киров, № 18 А. Навои атындагы мектеп гимназияларында жана “Жетиген” мектеп лицейинин базасында уюштурулуп жаткан бул иш-чаранын негизги багыты медиа-маалыматтык сабаттуулукка багытталып, мугалимдер үчүн маалымат жана маалыматтык технологиялар менен иштөө боюнча ыкмалар үйрөтүлүп, көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды.

 

Шаардагы мектептердин директорлорунун уюштуруу иштери боюнча орун басарлары, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, ошондой эле информатика мугалимдеринин секциялык отурумдарынын өзөктүү темасы медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча болуп, ММК Колдоо борбору тарабынан уюштурулган күзгү семинар-тренингдин катышуучулары Шамырзаев Илгиз, Тагаева Аида, Касымбек кызы Келсинай жана Нарматалиев Мирлан таасирдүү баяндамаларды жасады.

WhatsApp Image 2019-01-09 at 15.14.34WhatsApp Image 2019-01-09 at 15.14.27 WhatsApp Image 2019-01-09 at 11.35.54 WhatsApp Image 2019-01-09 at 15.14.31

WhatsApp Image 2019-01-09 at 15.16.09

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*