ОШТО МЕДИА БОЮНЧА МЫКТЫ ИШТЕГЕН МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНДЫ

Ош шаарында медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылткан, ошондой эле мектептик медиа-борбордун ишин алга сүрөгөн мектеп мугалимдери сыйланышты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

 

Маалым болгондой, 25-май күнү Ош шаарындагы 70тен ашуун мектепте акыркы коңгуроо салтанаты өттү. Мектептердеги бүгүнкү иш-чарага Ош шаардык Кеңешинен, мэриядан, шаардык билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр катышып, мектеп бүтүрүүчүлөрүн, жалпы эле окуучуларды, билим берүү кызматкерлерин куттукташты.

 

2018-2019-окуу жылында билим берүү кызматкерлерине медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуудагы эмгеги жана мектептерде уюштурулган медиа-борборлорунун жетишкендиктери үчүн бир катар мугалимдер Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын менен «ММК Колдоо» Фондунун ыраазылык баракчалары менен сыйланышты.

 

Алар:

  • № 1 А. П. Федченко орто мектебинин мугалими Элдар Шакиров;
  • № 3 М. В. Ломоносов мектеп гимназиясынын мугалими Самат Карабаев;
  • № 4 С. М. Киров мектеп гимназиясынын мугалими Нуржамал Алибаева;
  • № 5 Ж. Бөкөнбаев мектеп гимназиясынын мугалими Айчүрөк Нишанова;
  • № 5 Ж. Бөкөнбаев мектеп гимназиясынын мугалими Элзада Кочкорбай кызы;
  • № 8 М. Горький мектеп гимназиясынын мугалими Азизахан Моминова;
  • № 11 В. Терешкова мектеп интернатынын мугалими Шайназар Нурали уулу;
  • № 14 К. Алтыбаев орто мектебинин мугалими Зухра Мирзаева;
  • № 16 «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектеп гимназиясынын мугалими Зухра Кочорбаева;
  • № 17 Ю. Гагарин мектеп гимназиясынын мугалими Кулпунай Абдираева;
  • № 18 А. Навои мектеп гимназиясынын мугалими Урмат Эркинбаева;
  • № 21 А. С. Пушкин мектеп гимназиясынын мугалими Нилуфар Артыкова;
  • № 22  С. Шарипов мектеп гимназиясынын мугалими Шохрух Абдуразаков;
  • № 25 «Алмалык» орто мектебинин мугалими Динара Абдиева;
  • № 27 XXIV Партсьезд орто мектебинин мугалими Мирлан Нарматалиев;
  • № 27 XXIV Партсьезд орто мектебинин мугалими Нургүл Тайыр кызы;
  • № 35 Ж. Атабаев орто мектебинин мугалими Сүйүмкан Турдумамат кызы;
  • № 38 Б. Алыкулов мектеп гимназиясынын мугалими Аида Тагаева;
  • № 38 Б. Алыкулов мектеп гимназиясынын мугалими Наргиза Эркебай кызы;
  • № 39 «Октябрдын 70 жылдыгы» орто мектебинин мугалими Бобур Юсупжанов;
  • № 39 «Октябрдын 70 жылдыгы» орто мектебинин мугалими Дилфуза Мадрахимова;
  • № 42 «Керме-Тоо» мектеп гимназиясынын мугалими Гульнара Айдарова;
  • № 50 П. Нышанов мектеп гимназиясынын мугалими Бүбүажар Шекенова;
  • № 52 «Кыргыз-түрк достугу» мектеп лицейинин мугалими Илгиз Шамырзаев;
  • № 53 орто мектептин мугалими Иброхимжон Каримов;
  • «Олимп» мектеп гимназиясынын мугалими Нилуфар Маликова;
  • «Жетиген» мектеп гимназиясынын мугалими Нурсултан Касымбаев;
  • «Мээрим» балдар билим берүү борборунун кызматкерлери Чинара Аманова, Кызжибек Капарова жана Келсинай Касымбек кызы.

 

Эске сала кетсек, ушул окуу жылында Ош шаарындагы бардык мектептерде медиа-борборлор түзүлүп, медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу жаатында бир топ усулдук иш-чаралар жүргүзүлгөн.

4321 656565098762222

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*