Ош шаарынын мугалимдери окуучуларга онлайн сабактарды өтүүдө

Ош шаарындагы мектеп мугалимдери карантин учурундагы сабактарды онлайн түрүндө уюштурууда. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Окуу-усулдук каанасынын башчысы, Ош шаарындагы онлайн окутуу боюнча жооптуу Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

 

Тынчтык мырза, учурда шаардагы билим берүүнүн абалы кандай жүрүүдө?

 

Кырдаалга байланыштуу, 2019-2020-окуу жылынын IV чейректин башындагы (карантин учурундагы) сабактар календарлык пландын негизинде 30 мүнөттүк убакытка ылайыкташтырылып, онлайн түрүндө уюштурулууда. Онлайн сабактарды өтүү мектептик медиа-бурчтардын, мугалимдердин YouTube-каналдары, ошондой эле Facebook, Instagram баракчаларынында түз эфир аркылуу да ишке ашууда. Алдыңкы делген сабактарды жергиликтүү телеканалдар аркылуу да жайылтуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан пландалууда.

 

Андан тышкары заман талабына жана кырдаалга жараша шаардын мугалимдеринин квалификацияны онлайн аркылуу жогорулатуу жагы да колго алынган. Бул арада онлайн курстар боюнча маалыматтык ресурстар мугалимдерге таратылып, анда мугалимдер Free Cam, BandiCam, Kahoot, Plickers жана башка сабакта керектелүүчү программаларды өздөштүрүүдө.

 

Онлайн сабак өтүүгө мугалимдердин баары даяр беле? Түшүндүрүү иштерине жетиштиңиздерби?

 

2019-жылдын 26-мартында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан да онлайн семинар уюштурулуп, анда маалыматтык технологияларды сабактарда пайдалануу жагынан алдыңкы мугалимдер өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Бул онлайн семинарга шаардын мугалимдеринен тышкары өлкөнүн булуң- бурчундагы мугалимдер да катышып, онлайн сабакты уюштуруунун ыкмаларын үйрөнүштү.

 

-Семинарды өткөргөн мугалимдер онлайн сабак боюнча кайдан билим алышкан?

 -Интернет аркылуу өз билимин тынымсыз өркүндөтүп турган Ош шаарында эмгектенген жаш мугалим Бактыгүл Жапар кызы учурда кичи мекени Алайда. Ал алган билимдерин тоолуу айылдын шартында онлайн аркылуу бөлүшүп, көптөгөн мугалимдерди видеосабактарды жасоо боюнча окутууда. Мындай мисалдагы мугалимдердин катарында жаш үй-бүлө Ош шаарындагы № 27 XXIV Партсъезд атындагы орто мектебинин информатика мугалими Мирлан Нарматалиевди жана анын жубайы Курманжан Датка лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нургүл Тайыр кызын да айтсак болот. Алар да үй шартында түрдүү программалардын жардамында видеосабактарды даярдап, ютуб каналдары аркылуу мектеп мугалимдерине тынымсыз бөлүшүп жаткан учуру.

 

Булак: http://oshshamy.kg/

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*