“Өлкөнүн өнүүгүсү медиа жана медиа сабаттуулуктун өнүгүүсүнөн башталат” — Динара Абдиева

Медиа, медиа сабаттуулук жана медиа сабаттулуктун мугалимдердин гана эмес, окуучулардын жана алардын ата-энелердин жашоосундагы маанилүү орду жөнүндө Медиалабораториянын активдүү бүтүүрүчүсү, Динара Абдиева менен маектештик.

 

-Медиага кантип келип калдыңыз?

 

Мен өзүм негизи Ош шаарындагы №25 Алмалык атындагы орто мектебинде тарых мугалими болуп иштейм. Мугалим болуп иштегениме 14 жыл болду. Андан сырткары, тарбия иштери боюнча директордун орус басары болуп, иштеп келе жатам. Медианын да өзүнчө баскычтары бар экенин түшүндүм. Бишкекке 2019-жылда #СAMILcon 2019 Биринчи Орто Азиядагы Конференцияга барып келдим. Бул конференция өзгөчө сонун болду, себеби чет мамлекеттен келген коноктордун  бизге берген маалыматтары абдан пайдалуу болду.

 

Кийин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан буйрук келип, мени мектептин директору ММК борбору уюштурган 3-күндүк тренингге жөнөттү. Ошентип, биздин мектеп шаардан 25 км алыс жайгалышканына карабастан, медиага келип, семинарларга катыштым. Алмаз,Улан,Чоробек жана Тынчтык агайлар медиа сабактарды өттү.

 

-Медиалабораторияда эмнени үйрөндүңүз?

 

-“Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” эмеспи. Азыркы заманда, бүт чөйрөдө техника өнүгүп жатат. Медиалабораторияда мага жаккан сабактар телефондон жана ноутбуктан электрондук почталарды ачуу, документтер жана программалар менен иштөө сабактарга байланыштуу. Мурда биз доскага бор менен жазып эле, кагаз ишин жасап, эски методдорду колдончубуз. Медиалабораторияга ыраазымын, азыркы убакта андай иштер азайып, биз технологиялар менен иштегенди үйрөндүк. Сынчыл көз менен ой жүгүртүүнү, мектептеги иш чараларды социалдык тармактарга жагаштырууну, маалыматтарды анализдөөнү, сабакты жаңы методдор менен пайдаланып, өткөндү үйрөндүм. Окуучулар смартфондор жана компьютерлер менен бизден кыйын иштегени билет эмеспи. Эгерде мугалимдер алардан артта калса, анда кандай билимди бере алат? Азыр баягы Советтер Союзу эмес да, билим берүү системасын өзгөртүш керек. Окуучулар гана эмес, мугалимдер да заманга караштуу өзгөрүп, дайыма жаңы нерселерге үйрөнүш керек.

 

-Медиалабораториядан кийин кандай жыйынтыктарды чыгардыңыз жана эмне иш кылдыңыз?

 

— Менин оюм боюнча, ушундай пайдалуу маалыматты алгандан кийин, аны жашыруу туура эмес. Демек, биз алган билимдерди пайдаланып, иштесек мамлекет өнүгөт деген жыйынтыкка келдим. Медиалабораториядан кийин мен биринчи өзүмдүн мектебимден баштап, мугалимдерге медиа жана медиа сабаттуулук боюнча семинар өтүп бердим. Андан кийин, Ош шаарындагы тарых мугалимдерине жана тарбия завучтарга дагы семинар өтүлдү.

 

Адамдарга медиа сабаттуулукту ушундай долбоорлор жана семинарлар аркылуу акырындап жеткирсе болот. Жалаң гана мугалимдерди жана окуучуларды эле эмес, үйдө отурган ата-энелерди да үйрөтүш керек. Себеби, алар фейк маалыматтарын билбей эле, бирөөлөргө жөнөтүшү мүмкүн. Интернетте сүйлөшүү адебин билиш керек.Мен ушул көйгөйдү чечүү үчүн, “Ата-энелер Мектеби” долбоору менен  иштеп келем. “Ата-энелер Мектебинин” жылдык планына медиа сабаттуулукту киргизип, ар бир өткөн семинарымда түшүндүрүп келем. Алар аябай ыраазы болуп калышты. Айтаарым, биз — мугалимдер баарыбыз медиа сабаттуулукту жайылтууга киришели.

 

-Медиа сабаттулук адамдын жашоосунда кандай ролду ойнойт?

 

-Адам маданияттуу болууга үйрөнөт жана акты карадан ажыратууну билет. Кыргызда сонун макал бар эмеспи: “Акылдуу миң азаптан кутулат. Акылсыз бир азапка тутулат”. Бул макалдын мааниси чоң ойлорду жаратат. Дүйнө жүзүндө медиа сабаттуулукту жайылтканга аракет кылсак, миңдеген азаптардан кутулабыз. Өлкөнүн өнүүгүсү медиа жана медиа сабаттуулуктун өнүгүүсүнөн башталат. Адамдар маданияттуу жана билимдүү болсо, өздөрүнө гана эмес, мамлекетке да жакшы болот. Медиа сабатсыздык өлкөнү артка тартат жана башаламандыкты жаратат деген ойдомун.

 

-Биздин Медиалабораторияга чоң баа бергениңиз үчүн чоң рахмат. Акыркы суроо: медиа боюнча кандай пландарыңыз бар?

 

-Мен Медиалабораториядан кийин, медиага аябай кызыгып калдым. Мен жакшы жана терең билимдерди алып, окуучуларыма жайылтып, алардын йгиликтерин көргүм келет. Менин пландарым чет мамлекеттерге барып, медиа боюнча мектептерде кандай иш жүргүзүлүп жаткандарын көрүп жана үйрөнүп, иш тажрыйба алмашып, мамлекетимдин өнүгүүсүнө чоң салым кошкум келет. Мамлекеттин жана мектепдердин өнүгүүсү кичинекей кадамдардан башталат.

 

IMG-20191117-WA0453

IMG-20191117-WA0276

20191209_092103

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*