(Кыргызча) Туризмге кызыккан Айдай карантин учурунда айылындагы кооз жерлер менен видео аркылуу тааныштырууда

Айдай Алтынбек кызы – Ош шаарындагы №50 П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу. Ал учурда чоң ата, чоң энесинин жанында – Баткен районундагы Сай айылында.

 

Айдай Ааралыктан окуп гана чектелбестен, сиңдилери менен тоо тарапка чыгып, өзүнүн айылы жана кооз жерлер менен тааныштырып, видеолорду тартууда. Видеолорду KERBEN аттуу YouTube каналына жайгаштырып жатат.

 

Айдайдын география предметин окуткан мугалими Бактыгүл Жапар кызынын айтымында, Айдай мектептин медиа борборунун лидер окуучусу. 1 жылдан бери мугалими мектептин медиа борборунун жетекчиси катары, ал эми Айдай андагы медиа топтун башчысы катары иштеп, бир топ долбоорлорго да катышып келишет.

 

«Айдай аябай аракетчил, сабакты да мыкты өздөштүргөн кыз. Медиа сабаттуулук боюнча өткөн семинарларга, эл аралык конференцияларга катышып, бир топ жаңы маалыматтарды жана ошондой эле видео, фото тартуунун эрежелерин да үйрөндү. Ата-энеси да чыгармачылык жактан жакшы колдоо көрсөтөт. Бардык ата-энелер Айдайдын ата-энесиндей балдарына колдоо көрсөтсө, анда алардан мыкты инсандар чыкмак», — дейт Бактыгүл Жапар кызы.

 

Мугалими ошондой эле Айдайдын география сабагын өздөштүрүүсү мыкты экенин жана туризм тармагына да кызыгарын кошумчалады.

 

 

Булак: bilim.akipress.org

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*