Наргиза Эркебай кызы: «Онлайн системасы келгенге чейин эле видео-слайддарды колдонуп, проектор жана акылдуу досканын жардамы менен сабактарды өтүп келгенмин»

Саламатсызбы, Наргиза. Учурда кырдаалга байланыштуу онлайнсабактарды өткөрдүңүздөр. Онлайнсабактар боюнча башыңыздан өткөндөрү бөлүшө кетсеңиз? 

 

Саламатчылык.  Аябай жакшы суроо болду. Башында мындай болот деп эч ким ойлогон эмес. Күтүлбөгөндө элибизге келген бул таажылуу илдеттин айынан мугалимдер, окуучулар мектепке бара албай калдык. Мектеп биздин экинчи үйүбүз эле. Ал эми окуучулар мугалимдерге кээ бирине өз баласындай, дагы кээ бирөөбүзгө бир тууган инидей, сиңдидей болуп калган. Чынын айтсам биз үчүн эт менен тырмакты ажыраткандай эле болду. Окуучуларымды, берилип сабак өткөнүмдү аябай сагындым. Окуучулар менен жүзмө-жүз сабак өткөндө алар менен пикир алышып, өткөн сабагымдан,окуучуларымдын сүйлөгөн сөздөрүнөн ырахат алат элем. Кесибим башталгыч класстын мугалими болгону үчүнбү,айтор балдарга баладай сүйлөп, эркелешип, жан дүйнөм жаш баланыкындай кадимкидей тазарат болчу.

 

Онлайн системасы келгенге чейин эле сабактарымды кызыктуу, көргөзмөлүү, жандуу өтүшү үчүн темаларыбызга байланышкан видео-слайддарды колдонуп, проектор жана акылдуу досканын жардамы менен сабактарды өтүп келгенмин. Ошон үчүн бул онлайн системасын таң калып, эмне кылам, кантем дебестен, түшүнүү менен кабыл алдым. Ар бир нерсенин жакшы жагы болот эмеспи. Эгерде бул илдеттин айынан карантин деп баарыбыз үйдө кол кабыштырып отура бергенибизде, окуучулар да билим албай, биз мугалимдер да өнүкпөй калмакпыз. Бул замандын талабы, ага баш ийишибиз керек. Ким эле мындай болушун каалады дейсиз, эч ким каалаган эмес. Учурда өзүм Баткенде туруп, Оштогу окуучуларыма онлайн видеосабактарды өтүп жатам. Эң кызыгы бардык буюмдарым Ошто калган болчу, 3-4 күн эле үйдө отуруп кайра ишке келсек керек деген ой менен айылга келе бергем. Ноутбук жок (күлүп) эми онлайнсабактар башталганда телефонум экраны сынып, жарым сенсору иштебей калса болобу.  Бир айдан бери мен үчүн телефондон жарым сенсор менен видеосабак даярдоо оор да, түйшүктүү да, күлкүлүү да, кызыктуу да болуп жатат. Эч ойлогон эмесмин ушинтип иштейм деп…Мындай учурда техникаң жетиштүү болсо кыйналбасаң керек.

 

Онлайнсабактарды өтүүдө мугалимдерге жана окуучуларга министрлик тарабынан кандай жеңилдиктер болуп жатат?

 

Биринчиден ушул онлайн системаны уюштурган Кыргыз билим берүү жана илим министрлигине ыраазычылык билдирем. Бизди санариптештирген заманыбызга ырахмат. Андан сырткары Мегаком, Билайн, Оңой компанияларына да ыраачылык. Анткени алар да кайдыгер карабастан, “Мегаком “Мега 24” тиркемесин, Билайн жана Оңой компаниялары “Окуучу» жана “Мугалим 200” деген тарифтерин акысыз кылып, мугалимдерге, окуучуларга жана студенттерге интернет түйүндөрүн акысыз жеңилдик кылып беришти. Учурда мугалимдер окуучуларыма кандай кылсам жагат, дагы кандай кылсам кызыктуураак болот деп изденүү менен өз билимдерин өнүктүрүүдө. Дагы жакшы жагы Билим берүү жана илим министрлиги “Баластан”, “ЭлТР”, “Санат», “Илим‐Билим» телеканалдарынан негизги сабактарды берип, мугалимдерге жардам кылып жатат. Окуучуларга кайтарым байланыш жасап, калган сабактарды өзүбүз WhatsApp,  Zoom, Jitsi Meet ж.б программалар менен телефон же ноутбук аркылуу өтүп жатабыз.

 

Мугалимдерге онлайнсабакты мына программа менен өткүлө деген басымдар болдубу же ар бир мугалим өзүнүн билген программасында өтүп жатабы?

 

Кыргызстанда 2 жылдан бери Медиасабаттуулук жайылтылып жана ар бир мектептин Медиа борборлору техниканы, программаларды колдонуу, ошондой эле маалыматтарды туура жазуу боюнча иш алып барууда. ММК колдоо долбоору “Медиа сабаттуулук “ боюнча мугалимдерди жана окуучуларды окутуп, бизге көптөгөн жаңы программаларды үйрөткөн болчу.

 

Учурда онлайнсабактарды өтүүдө Медиасабакта үйрөнгөн РowerPoint, Plicers, Google, WordCloud, Kahoot,Zoom  ж.б. жаңы программаларды колдонуп онлайн видеосабактарды  өтүп жатабыз. Бизге эч кандай басым болгон жок. Болгону Zoom  программасын сунушташкан, онлайнсабактарды өтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрү жакшы экен деп, бирок  заман өнүккөн сайын биринен-бири оңой, кызыктуу жана ыңгайлуу программалар чыгып жатат эмеспи. Мугалимдер  өздөрүнө кайсы программа ыңгайлуу болсо,  ошол программа менен өтүп жатышат.

 

Бул онлайнсабактар боюнча сиздин көз-карашыңыз, ой-пикириңиз кандай?

 

Мугалимдер онлайнсабак деп үйдө ичкен чайыбызды,жеген ашыбызды да билбей, телефондон башыбыз көтөрүлбөй изденүү менен алекпиз. Мектепте дептерлерди текшерсек, эми мынтип көздөр ооруп, талып, мурда бир күндө 3-4 саат телефон кармасак, эми күн бою 24 саат телефон колубуздан түшпөй калды. Мугалимдердин баарында ноутбук бар деп айталбайм. Ашып барса 10го жакын мугалимде бар. Калган мугалимдер кол телефон менен видеосабактарды өтүп келе жатат. Онлайнсабакты кантип окутам, мен техникага түшүнбөйм деген мугалим болгон жок. Билбесе да билем деп, билбегенин үйрөнүп, элдин балдарын окутам деп, күнү-түнү уктабай видеосабактарды даярдап 2 смен иштеп жатышат. Онлайнсабактын жакшы жагы мугалимдер көптөгөн программаларды үйрөнүп жатышат. Бирок бул онлайнсистема убактылуу эле болгону жакшы.  Мугалимдер үчүн да,  окуучулар үчүн да мектеп эле жакшы. Анткени мугалимдер бул системаны өздөштүргөнү менен окуучуларыбызга көптөгөн кыйынчылыктар жаралды.Элибиз аман болуп, карантин бүтүп, тезирээк мектеп ачылса экен деп чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

 

Окуучуларга кыйынчылыктар жаралды деп калдыңыз, окуучуларыңыздын учурдагы абалы тууралуу айта кетсеңиз?

 

Окуучулар жөнүндө айта турган болсом сөз көп… Буга чейин окуучуларды телефон көтөрбөгүлө, мектепке алып келбегиле, зарыл нерсеге гана иштеткиле, интернетти туура пайдалангыла деп сайраган болсок. Эми балдарга телефонуңар барбы, болушунча телефондон тапшырмаларды көрүп аткаргыла, сабактарды телевизордон калтырбай көргүлө деп калдык. Бирок окуучулардын баарында телефону жок. Барында бар, жогунда жок, 4-5 балалуу үй-бүлөлөрдө жетишсиз. Кээ бир окуучулар телевизордон гана көрүп жатышат. Телевизору жокторго телефондон ватсап аркылуу видеосабактарыбызды жиберип жатабыз. Окуучулар тынбай чалып жатышат.

 

«Эжеке мектеп качан ачылат, мектепти сагындык, сиздерди сагындык” деп…

 

Менин оюмча бул онлайн система айрыкча башталгыч класстын окуучуларына терс таасирин тийгизет деп ойлойм.  Анткени алар азыртан телефонго үйрөнүп калып, кийин мектеп ачылса сабактарга жакшы көңүл бурбай калабы деген ой. Мындан сырткары  окуучулардын кол жазмалары да начарлайт. Телефон эле карай берип, пикир алышуу аз болуп, сөз байлыктары өспөй калабы деген коркунуч. Телевизор көрүп жатышат. Телевизор алардын ой жүгүртүүсүн, кругозорун гана өстүрүп, дүйнө таанымын кеңейтиши мүмкүн. Бирок алар кем сөз болуп, аз сүйлөп калышат. Мектепте сабакка жакшы көңүл бурбаган балдар бар эле, ошол балдар мектепте жакшы окубаган, менимче телевизордогу сабакты көрсө көрүп, көрбөсө жок, оа көрдүм деп коюп жаткандыр. Көзүң менен көрбөгөндөн кийин кыйын экен. Бирок оозуңан чыккан сөздү жерде калтырбай, үй тапшырмаларды өз убагында аткарган, сабактарга активдүү катышкан окуучуларыбыз да арбын.Бул онлайнсабактар окуучуларга толугу менен жеткиликтүү болбойт.  Себеби, сабакты ар бир бала өзүнүн деңгээлине жараша кабыл алат. Кээ бирөөсү сабакты укканда жакшы түшүнсө,  айрымдары көргөндө жакшы эстеп калат, дагы башкалары жазганда эсинде сактап калат. Окуучулар эле эмес, мен дагы бул онлайнсабакка каныкпай, көнүлүм толбой жатат. Баарыбир жүз-көрүшүп өткөн мектептеги жандуу сабагыма жетпейт. Орустар айтмакчы удоволствие алалбай жатам. Кантсе да айла жок, бар билимибиз менен бул карантинди да жеңип чыгабыз.

 

Онлайнсабактар боюнча ата-энелер менен байланышып көрдүңүзбү? Алардан сизге кандай сунуштар болду?

 

Социалдык педагог катары жалпы ата-энелерге Google формадан онлайн суроолорду түзүп, сурамжылоо жүргүзүп көрдүм. Көпчүлүгү мектеп тезирээк ачылса экен, балдарыбыздын мектепте эле окуганы жакшы эле. Бул убактылуу, карантин болгону үчүн элдин саламаттыгын ойлоп, онлайнсабактарды жакшы эле уюштуруптур, видеосабактар кызыктуу болууда деп жазышкан. Дагы көпчүлүгү үйдө телефон, телевизор талаш болуп жатат деп, техниканын жетишсиздигин айтышкан.

 

Учурдагы абал боюнча ата-энелерге соцпедагог катары эмне деп кеңеш бересиз?

 

Негизинен билимдүү ата-энелерибиз көп. Арасында сабатсыздары да бар. Ата-энелер үчүн жакшы жагы учурда онлайнсабак деп балдарына кошулуп, ата-энелер өздөрү да окуп жатышат. Бул албетте балдарынын, өздөрүнүн келечеги үчүн жакшы. Үйдө балдарына шарт түзүп берген, аларды түшүнгөн, балдарына кошулуп сабак даярдашкан ата-энелерге ырахмат айтам. Айрым ата-энелер бар, ватсапта ата-энелер группасында уят болуп калбайын деп, баласынын тапшырмасын окшоштуруп өзү жазып жиберген. Андай ата-энелерге сунушумду айтмакмын. Балаңызды жаман үйрөтпөңүз. Ал азыртан сизге сөйөнбөсүн. Өзү аракет кылып жазып үйрөнсүн.

 

Урматтуу ата-энелер!

Балага баладай мамиле кылыңыздар. Туура эмес кылса урушпай, сылык сүйлөп түшүндүргөнгө аракет кылыңыз. Учурда балдарыбыздын психологиясы бузулуп жатат.  Аларды туура түшүнүп, эркелетип, кучактаңыз, өбүңүз. Балдарыңыздардан жылуу сөзүңүздөрдү аябаңыздар. Кубанычына шерик болуңуздар.Ойносо кошо ойноп, күлсө чогуу күлүңүз. Үйдө отуруп, өзүңүздөн өзүңүз нервтенип, балага кыйкырбаңыз. Сиздин маанайыңыз жок болсо, балаңызга да терс таасирин тийгизет.  Балдардын ар бир кылган эмгегин колдойлу.

 

Азыркы кырдаал бир эле бизге эмес, жалпы журтка оор болуп, терс таасирин тийгизүүдө. Айрыкча ата-энелер мугалимдердин кадырын эми билишти окшойт, ойлору өзгөрүп калыптыр( күлүп)

 

Баарыбыз биргеликте бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак, баардык кыйынчылыктарды жеңебиз. Бул да болсо бизге берилген сыноо. Заманыбыз тынч, элибиз аман болсун. Тезирээк бул сыноону жеңип, баарыбыз өз ишибизге кайтайлы.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*