“Медиа сабаттуулукту жайылтып, анын өнүгүүсүнө шарттарды түзүү керек” — Илгиз Шамырзаев

Медиа сабаттуулук жана анын жашообуздагы өзгөчө орду тууралуу Медиа лабораториянын кезектеги жигердүү бүтүрүүчүсү жана ордолуу Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабият мугалими Илгиз Шамырзаев менен маек курдук. Маегибиздин жүрүшүндө ал медиа сабаттуулуктун ар тараптуу коомчулуктагы ыңгайлуулуктары жөнүндө кеп салды.

 

— Медиага алгачкы ирет таштаган кадамыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

 

— Алгачкы кадамдарым боюнча айта кете турган болсом, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан алдыңкы мектептерге медиасабаттуулук боюнча үч күндүк семинарга кызыккандар, шык-жөндөмү бар бирден мугалимдерди катыштыруу боюнча буйрук келгенинен, мен бардым. Кылым карытып, кылым кезген улуу кыргыз элинде жакшы сөз бар: «Керектүү таштын ордугу жок» деген. Дегеним, мен медиа сабаттуулук боюнча өткөрүлгөн үч күндүк семинардан үч жылдык пайдалуу маалыматты алгандай эле кудуңдап сүйүндүм. Мага семинардын жүрүшүнөн тартып, эң мыкты тренерлердин сабактары, ар бир маалыматтар кызыктуу болду. Арасынан белгилей кетсек мен буга чейин угуп, а бирок анын эмне экендигин билбей жүргөн көптөгөн медиа багытындагы терминдерди биле алдым.

 

Ошентип, мүдүрүбүздүн жолдомосу менен ММК колдоо борборунун семинарын аяктап, сертификатты колго алып гана отуруп калбастан,“замандаштарыбыздын дээрлик баары бул билимге ээ болсо экен”деп ойлодум. Жер-жерлерде бир нече ирет бул багытта өзүм билген маалыматтарымды мугалимдерге жеткире алдым. Ал эми мектеп ичинде окуучулар үчүн медиа сабаттуулук боюнча ийрим түзүп, бул багытта өздүк күнбарак мерчемин түзүүгө жетиштим.

 

— Медиа лабораторияны бүткөндөн кийин, кандай жыйынтыктар болду?

 

— Мен бул тармактан өзүмдүн кемчиликтеримди жоюп, билимимди арттырдым. Мектептин медиа командасын түзүү менен көптөгөн окуучулардын кызыгып турган экендигин сезип, аларга түрдүү тапшырмаларды жүктөө аркылуу бир кадам болсо да, коомчулуктун алдында болуулары үчүн салым кошо алдым деп ойлоймун. Мындан сырткары заманбап үлгүдөгү түрдүү порграммаларды өздөштүрүп, ал гана эмес, мектебибизде медиа сабаттуулук боюнча окуучуларга жана мугалимдерге түрдүү семинарларды өттүм. Өзүм билген маалыматтардын баарын жамаат менен тең бөлүшүп, убакыттан үнөмдөөчү мыкты программаларды кандай иштетүү керектиги тууралуу кеп-кеңештеримди айтып, шаарыбыздын көп жерлеринде мыкты семинарларды өтүү менен бирге өзүмдүн чөйрөмдү кеңейте алдым деп ойлоймун!

 

Медиа сабаттуулукту сиз кандай түшүнөсүз?

 

Мен медиа сабаттуулукту замандын агымы менен тең агып, айлана-чөйрөңдөгү окуяларды туура талдоо жана аларга туура жооп кайтара билүү деп түшүнөмүн. Себеби, учурда дал ушул медиа сабатсыздыктын айынан түрдүү көйгөйлөр күн санап арбып отургандыгы сиз менен бизге табышмак эмес. Дегеним, медиа сабаттуулукту жер-жерлерде жайылтып, мындан ары анын өнүгүүсүнө шарттарды түзүү керек. Ал эми орто жана жогорку окуу жайларга атайын сааттарды киргизгендик да максатка ылайык болот. Медиа сабаттуулук – бул адамдардын маалыматтарды туура кабылдоосу; ааламдагы маалымат коопсуздугун айырмалай билүүсү.

 

Медиа сабатсыздыктын кесепеттеринин адамзат жашоосуна көп эле терс жактары бар. Эми аны ар бир адам өз чөйрөсүнө карата түшүнүп алат. Алгач башкалар менен бир маалыматты бөлүшүүдө адам өзү ошол нерсени аткарып, ошол ааламда «жашап» көрсөтүүсү керек. Аны көргөн адамдар медиа сабаттуулукту угуп эле тим болбостон, ошол тармактагы адамдарды көрүп да түшүнө билгидей болгон заманга жетүүбүз керек.

 

— Коомчулук үчүн медиа сабаттуулук керекпи?

 

Албетте. Замандын улам алга жылуусу менен коомчулук түрдүү өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Улам мезгилдин талабы менен коомчулукка маалыматты жайылтуунун да бир канча жолдору пайда болууда. Натыйжада мындан аз эле убакыт алдын коомчулугубузда маалыматтын негизин түзгөн ар кандай каражаттар (сыналгы, үналгы, гезит-журналдар) өзүнүн ордун улам төмөндөтүп бара жаткан сыяктуу. Албетте, мунун себеби ар бир адамдын колунда уюлдук телефондордун болуусу. Демек, дал ушул кичинекей аппарат аркылуу коомчулукка жакшы жана жаман кабарларды эч кандай текшерүүсүз эле бир заматта таратып жиберүүгө болот. Андыктан коомчулук медиа тармагында өзүнүн сабаттуулугун өркүндөтүп барбаса, анда караманча айтылган калптарга алданып, туура эмес маалыматтарды бөлүшүп, жакындарынын жана досторунун психологиясына терс таасирин тийгизип коёру турган кеп. Ал эми бул тармакта изденүү, малыматка ээ болуу адамзатка бир гана жакшы натыйжаны бере алат деп ишенемин.

 

А сиз өзүңүздүн сабагыңызда медианы кандай пайдаланасыз?

 

Медиа – бул менин жашоомдун негизги болгон бөлүктөрүнүн бири. Биринчиден, мен медианы өздөштүрүү аркылуу өзүмдүн бир канча тапшырмаларымды жеңилдетип, убакытымды үнөмдөөгө жетиштим. Айта кетсек, сабактын кайтарым байланыштарында Kаhoot! Plickers сыяктуу программалардын жардамында бир канча ыкчам жана тез иштей аламын. Айрым учурларда окуучуларга тапшырмаларды жүктөөдө, албетте, бул тармакты пайдалуу тарабына гана өздөштүрүүлөрү үчүн түрдүү тарбиялык тапшырмалар менен кошо маалыматты анализдөөнү, ага туура сүрөт коё билгенди, аны түрдүү хештегдер менен белгилөөнү, чыгарылган түрдүү постторго өзүнүн туура пикирин билдирүү ж.б. ушул сыяктуу медиалык терминдерди бир эле учурда тапшырма менен байланышытырып алып кеткендигим окуучулар үчүн да, мен үчүн да бул тармактагы жемиштүүлүк деп эсептеймин.

 

— Бул тармактагы өзүңүздүн ийгиликтериңиз тууралуу айта кетсеңиз.

 

Мен бул тармакта өзүмдүн командам менен бирге «Мыкты медиа бурч» сынагы боюнча «Эң мыкты YouТube баракчасы» наамын ээлөөгө, республикадагы эң жаш медиа команданы түптөөгө, Бишкек шаарында өткөрүлгөн медиа сабаттуулук боюнча орто азиялык алгачкы конференцияда «Медиасабаттуулуктун элементин камтыган сабактын иштелмеси» аттуу сынактын жеңүүчүсүнө айланууга, өзүмдүн артыкчылыктарымды жана чөйрөмдү кеңейтүүгө жетише алдым.

 

— Жакшы ийгиликтерге жетиптирсиз. Учурдагы пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз.

 

Учурда медиа тармагында дагы да болсо коомчулук үчүн керекке жарай турган жаңылык жаратуунун үстүндө учурда эмгектенип жатабыз. Өз кезеги келгенде кайрадан сиздер менен бул туурасында маек курабыз деп ойлоймун (күлүп).

 

Мугалим кесибимдеги пландар жөнүндө, мен өзүмдүн жашоомду агартуу тармагынан гана көрөмүн. Өзүмдүн бакытымды, келечегимди да агартуу тармагысыз элестетүүгө кыйын. Мектеп – аруулуктун ааламы. Бул жердеги жан дүйнөсү таза кичинекей мамлекеттин «жараны» катары жүрүү өзүнчө бир кубаныч. Аны сезүү үчүн мугалим болуп иштөө керек…

 

Балдар менин бар байлыгым, мол бактым.

Балдар менен өткөн өмүр — гүл өмүр.

«Саламатсызбы, агай?!» деген сөз үчүн,

Мен мектептен кетким келбейт бир өмүр!

 

5Y8A8496IMG_5308

DSC05753DSCN0400

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*