«ММК колдоо борбору» мугалимдер үчүн 3 күндүк вебинар уюштурду

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу дистанттык окутуу формасы киргендиктен ага даярдык иретинде «ММК колдоо борбору» мугалимдер үчүн 3 күндүк вебинар уюштурду.

 

3 күндүк вебинар аталган фонддун демилгеси менен Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ар күнү эки жолудан уюштурулуп, жалпы 6 бөлүктөн турган. Мында дистанттык окууга даярдык иретинде мугалимдер үчүн онлайн сабак уюштурууга керектелүүчү түрдүү программаларда иштөө боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү.

 

«3 күндүк вебинарды YouTube каналдан жана Фейсбук баракчабыздан түз эфир формасында уюштуруп, анда дистанттык окуу жөнүндө жалпы түшүнүк берилип, көбүнчө практикалык көнүгүүлөргө басым жасадык. Бул иш-чаранын катышуучуларынын сунуш-пикирин эске алып, эми бир ай бою кечки саат 21:00дө ошол эле катышуучулардын талабына ылайык вебинарларды уюштуруп турмакчыбыз», — деди Кундуз Женшен кызы.

Өтүлгөн вебинарларды өз учурунда көрө албай калгандар төмөнкү шилтемелер аркылуу көрө алышат:

 

1. Дистанттык окутуу деген эмне? Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин пландары: https://www.youtube.com/watch?v=SBccgy9lkE4

 

2. Интернет гигиенасы WhatsApp мисалында: https://www.youtube.com/watch?v=oLXjDkdHyI0

 

3. Дистанттык окутууда Google кызматтары жана уюлдук оператордун түзгөн шарттары: https://www.youtube.com/watch?v=anB_SjF8SqE

 

4. Дистанттык окутууда Google кызматтары жана украиналык тажрыйба: https://www.youtube.com/watch?v=SvP7SNW7byQ

 

5. Дистанттык окутууда видеобайланышты уюштуруу: YouTube, Streamyard: https://www.youtube.com/watch?v=KIz0iv-4avI

 

6. Дистанттык окутууда окуучуларды баалоону уюштуруу: https://www.youtube.com/watch?v=KIz0iv-4avI

 

Булак: bilim.akipress.org

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*