ММК колдоо борбору «Үйдөн чыкпай, үйрөн!» аттуу вебинарлардын сериясы баштады

Өлкөдөгү билим берүү мекемелери дистанттык окутуу формасына өткөндүгүнө байланыштуу «Үйдөн чыкпай, үйрөн!» аттуу 1 айлык вебинарлардын сериясы башталды. Бул тууралуу аталган саамалыктын демилгечиси, «ММК колдоо борбору» фондунун өкүлү Айчүрөк Усупбаева билдирди.

 
Буга чейин өткөн 3 күндүк вебинардагы катышуучулардын өтүнүчүн эске алып, бул вебинарлар апрель ичи ар күнү саат 21:00дө уюштурулуп турат.
 
Андан тышкары жаңы шарттарда билим берүү жараянынын бардык катышуучулары туш болуп жаткан айрым олуттуу көйгөйлөр эске алынып, ага жараша маалыматтар берилет.
 

«Азыркыдай кырдаалда буга чейин биздин фонд менен кызматташтыкта болуп келген Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясына тилектештигибизди билдирип, мугалимдер, зарыл болгон учурда ата-энелер үчүн вебинарларды 1 айга узартууну чечтик. Бул 1 айлык вебинарда YouTube каналы жана Фейсбук баракчабыз аркылуу катышуучулардын сунушунун негизинде темалар аныкталып, тийиштүү адистерди чакырып турмакчыбыз», — деди А.Усупбаева.
 

Вебинарга катышууну каалоочулар YouTube же Facebook баракчасынан төмөнкү шилтемелер аркылуу кирип турса болот:
 
https://www.facebook.com/msc.kg/
https://www.youtube.com/channel/UCRC9m3qa0VAA9-SfTmLYmFA
 

Булак: bilim.akipress.org

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*