“Өлкөнүн булуң-бурчундагы мугалимдерди бекер окутуп жатабыз” – Нургүл Тайыр кызы

Нургүл Таир кызы Ош шаарындагы Курманжан Датка кыздар лицейинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Жаш болсо да медиа сабакты өздөштүрүп, заманбап мугалим болууга ашыккан кыздарыбыздын бири. Учурда кырдаалга байланыштуу онлайн сабак өтүү боюнча өлкөнүн мугалимдерине семинар өтүп жаткан учуру.

 

— Нургүл, саламатсыңбы? Учурда онлайн сабакты бир гана окуучуларга өтпөстөн, өлкөнүн булуң-бурчундагы мугалимдерге да анын жол жоболорун үйрөтүп жатыптырсың. Бул тууралуу биз менен да бөлүшө кетсең.

 

— Саламатсыздарбы, жакшы болот. 21-кылым техниканын заманы дегендей, учурда ар бир заманбап мугалим үч нерсенин үстүнөн катуу иштеш керек. 1. Өзүнүн кесибин жакшы билүүсү керек. 2. Педагогикалык этиканы жана үчүнчү кезекте техникалык билими болуусу зарыл. Мына ушул үч билимди бирдей алып кете алган мугалим азыркы замандын мугалими деп аталат. Мындай мугалимдер азыркыдай кырдаалдарда, тоскоолдуктарда жана кыйынчылыктарда эч маселесиз өз билимин балдарга бере алат.

 

Бизде азыр 70% мугалимдер өзүнүн кесибин жакшы билгени менен, техникалык билимден аксап, замандын талабына жооп бере албай калууда. Тактап айтканда, азыркы заманбап мугалимдин колунда ноутбук же жакшы смартфон болуусу керек. Себеби, булар видео сабактарды жасоодо эң керектүү буюмдар. Бүгүнкү кырдаалга байланыштуу, биз Кыргызстан боюнча бардык мугалимдерге акысыз онлайн сабактарын өздөштүрүү, электрондук сабактарды даярдоо боюнча өзүбүздүн чакан семинарларыбызды өтүп жатабыз.

 

Курманжан датка лицейинин жамааты бул кырдаалга чейин эле заманбап мугалимдин артыкчылыктарын үйрөнүп, ага даяр болгонбуз. Электрондук журнал колдончубуз. Мына ошол журналда окуучулардын келген- кеткендиги, алардын баасы, тарбиясы, жеген тамактары өткөрүлүп жаткан иш чаралар, деги эле лицейдин күнүмдүк жашоосу толук форматта ата-энелерге күндө мүнөт сайын жетип турчу. Ушул журналда ар бир мугалим өздөрүнүн сабактарынын электрондук форматын киргизчү. Окуучуларды окутууда онлайн багыты лицейде эле колдонулчу. Ошол себептен биздин мугалимдер үчүн бул кырдаал балдарга сабак берүүдө кыйынчылык жараткан жок.

 

— Айыл жерлериндеги мугалимдерде мындай шартта сабак өтүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

 

— Тилекке каршы, бул мүчүлүштүк өлкөнүн орто мектептеринде маселе жаратууда. Себеби, пенсия жашындагы устаттарыбыз өз кесибин мыкты билгени менен телефон, компьютер иштете алышпайт. Онлайн сабак өтүүдөн түшүнүктөрү жок болууда. Онлайн сабак берген мугалим 6 кадамды жакшы билүүсү керек болот. Айта кетсем:

 

1-кадам: Ютуб канал ачуу. Себеби, керектүү программаларда жасалган сабактардын видео вариантын социалдык тармактарга жибере албайбыз. Аны Youtube-каналга жүктөп, анын ссылкасын гана окуучуларга жиберүүгө болот.

 

2-кадам: PowerPoint-тен сабакты иштеп чыгуу, сүрөттөрдү даярдоо. Бул программанын түрдүү ыкмаларын пайдалануу менен сабактарын даярдашат. 

 

3-кадам: Bandikam менен үн коштоп өтүү.

 

4-кадам: Freecam 8 менен видео сүрөттөрдү кошуп жасоо менен сабагын видеого айландырып окуучуларга жөнөтөт.

 

5-кадам: Мульти сабактан же Googlе-дан тесттерди түзүү. Буларды колдонуу менен окуучулардан сурамжылоолорду жүргүзүп, аларга берген билимин кайтарым байланышта алып турса болот.

 

6-Кадам: Ютубка даярдаган материалын жүктөп, аны социалдык тармактарга жөнөтүүлөрү керек. Ар бир мугалим ушул баскычтарды билсе онлайн сабак үзгүлтүккө учурабайт.

 

Азыр биз эң жөнөкөй ушул 6 кадамды үйрөтүп жатабыз. Бирок мындан башка да жакшы программалар бар, бирок ал программа менен иштөө үчүн окуучулардын ар биринде смартфон болуу зарылчылыгы бар. Онлайн сабактын узактыгы 30-40 мүнөт деп болжолдоп атабыз. Бул убакыттын ичинде окуучуларды сабакка кызыктыруучу ар кандай методдор менен башталат, жаңы тема түшүндүрүлөт, кайтарым байланыш үчүн көнүгүүлөр аткарылат жана акырында үй тапшырма берилет. Ушул аралыкта балдарга жакшы билим берүү үчүн, жогорудагы 6 кадамды мыкты билүү керектелет. Көп мугалимдердин үйүндө компьютер, ноутбугунун жоктугуна байланыштуу смартфон телефондор менен аркылуу презентация жасаганды үйрөтүп жатабыз.

 

— Биз анда электрондоштуруу боюнча бир топ артта калыптырбыз да?

 

— Ооба, Европада билим берүүдөгү мындай маселелер жакшы жолго коюлган. Анткени кандай гана программаны өздөштүрбө, ал Американын программасы, латын арибинде. Криллицаны көп сайттар албайт. Биздин окумуштуулар латын арибине өтөлү дегени да жөн жерден эмес. ITтармагы аябай өнүгүп, баары онлайн иштегиле деп атат, онлайн иштей турган программанын баары латын арибинде. Эгер аны кириллица менен жазсаң, аны окубайт.

 

Онлайн сабак өтүү башка мамлекеттерде эчак эле жолго коюлгандыктан, Google сервисте алар өздөрүнүн электрондук портфолиелерин түзүшөт, мульти сабактар сайт, блок ачышып, өздөрүнүн чеберчиликтерин социалдык тармактарда көрсөтөт. Аны каалаган ата-эне же мугалим ал мугалимин капчыгына баланс же элсом сыяктуу тармактар аркылуу каражат төлөп, анын түзгөн сабактарын окуй беришет. Бизде да сөзсүз оор кырдаал учурунда эмес, жөнөкөй күндөрү деле онлайн сабактарды окуй ала турган кылып багыттарды түзүүбүз керек.

 

— Нургүл, бул онлайн сабак өтүү боюнча тажрыйбаны кайдан алдың эле?

 

—  Google — көп адамдар маалымат издеген булак катары гана билишет. Бирок анда көп активдүү сервистер, пайдалуу бөлүктөр бар. Мына ошолордун баарын өздөштүрө ала тургандай кылып жалпак тилде презентацияларды жасап, Youtube- каналдарыбызга жүктөп жатабыз. Азыр бул көчтү алдыга сүрөп бараткандар Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулдук бөлүмү жана медиа сабак, санарип академиясында окуган мугалимдердин жоон тобу түзүп жатат.

 

Ошондуктан, билим берүү башкармалыгы чет элдик уюмдар колдогон атайын программаларды кабыл алууну колго алуусу керек. Анткени, медиа сабакты ММК колдоо борбору тарабынан чет элдик уюмдар каржылап окуткан эле, биз ага катышып, көп техникаларды өздөштүргөнбүз. Кийин Асылбек Мадалиев аттуу карапайым мугалим бала медиа сабак боюнча конкурс уюштуруп, баш байге Туркияга барып келүү кылган. Мына ошол конкурска катышып да көп нерсени үйрөндүк. А андан кийин интернет аркылуу тажрыйбабызды өз алдыбызча өстүрүп жатабыз.

 

 Булак: http://oshshamy.kg/

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*