Өлкө боюнча 4 шаарда медиасабаттуулук боюнча окутуу жыйынтыкталды

ММК колдоо борбору» фонду «BRYCA» долбоорунун алкагында, Кыргызстандагы мектеп мугалимдери, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары, ошондой эле дагы башка тармактын өкүлдөрү үчүн 2 күндүк медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча семинар-тренингдер жыйынтыкталды.

 

Медиа-маалыматтык сабаттуулукту билим берүү аркылуу жайылтуу, маалыматтык доордо жаңы кыйынчылыктарга туруштук берүү, ошондой эле өз багытындагы медиа сабаттуулугун окутуу жаатында кесиптик билимин кеңейтүү, бул жааттагы долбоорлорду уюштуруучуларга көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган бул семинар-тренинг «Жаштар менен иштөөдөгү медиа жана маалыматтык сабаттуулук» деп аталып, Жалал-Абад шаарында, Кызыл-Кыя шаарында, 3 топ үчүн Ош шаарында, ошондой эле Каракол шаарында өтүп, анда жалпы 121 катышуучу сертификатка ээ болду.

 

Аталган семинар-тренингдин катышуучусу, Оштогу Кыргыз-Өзбек эларалык университетинин окутуучусу Өскөнбай Дилишатов медиасабаттуулукту жайылтуу жараянын дагы да тездетүү керектигин айтып, “Биз бул окуудан алган маалыматтарыбызды өз чөйрөбүзгө ушул сыяктуу семинар-тренинг же дагы башка иш-чаралар аркылуу жайылтууга аракет кылабыз. Ошентсе да учурдун талабы болгон медиасабаттуулук көндүмүн керек болсо жогорку окуу жайларда атайын курс, ошондой эле орто мектептерде атайын предмет катары кийирүү зарыл” – деп кошумчалады.

 

Тренингдин дагы бир катышуучусу, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Динара Кулубаеванын айтуусунда аталган долбоордун негизинде уюштурулган бул окутуу айрыкча билим берүү тармагы үчүн абдан маанилүү деп эсептейт. Ал семинар-терингден алган маалыматтарын облустук деңгээлде жайылтууну максат кылат. Муну менен катар медиасабаттуулук жаатындагы дагы башка жаңы долбоорлорго катышкысы келет.

 

Кошумчалай кетсек, жогорудагы сертификат ээлеринин ичинендагы 40 катышуучуну «ММК колдоо борбору» фонду конкурстук негизде тандап, алардын медиасабаттуулукту андан аркы жайылтуу иштерине көмөктөшөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*