“Дистанттык окуунун плюс жактары – көп мугалимдер медиасабаттуу боло башташты” – Айзат Шералиева

Дистанттык окуу, медиа жана медиа сабаттуулук жөнүндө биздин порталыбызга МедиаЛабдын активдүү жана жигердүү бүтүрүүчүсү айтып берди.

 

-Саламатсызбы, Айзат. Азыркы кырдаалга караштуу, мугалимдер жана окуучулар дистанттык окууга өттүбү?

 

— Саламатчылык. Ооба, айла жок кантебиз, ар кандай соонун программалар менен видео сабактарды жасасак болот. Ал үчүн биринчиден ар бир адамда каалоо, кызыгуу  болуш керек жана багыт берүүнү билген адамдар керек. Мугалимдерге телефон аркылуу колумдан келген жардамымды берип жатамын. Электрондук видео сабактарды кантип түзүү керектигин жана өзүм дагы видео сабактарды түзүп жатам. Колдон келишинче аракет кылып жатабыз.

 

Мектепте окуучулар менен жүз көрүшүп эле иштегенге эмне жетсин? Ал эми азыркы убакта, айла жоктугунан баштадык. Дистанттык окуунун плюс жактары – бул, менин жеке оюм боюнча, көп мугалимдер медиа сабаттуу боло башташты. Буга чейин мугалимдердин убактылары болбой, телефон чукулап, ал программа же маалыматтардын эмне кереги бар дешсе же болбосо түшүнбөгөн болсо, азыр эми айласыздан видео сабак жасап, окуучуларга ар кандай онлайн программалар менен сабак өткөнгө туура келип жатат. Видео сабак жасоо албетте оңой иш эмес экен. Окуучулар бир нерсени түшүнүү үчүн, кылдаттык менен каттуу даярдык көрүүгө туура келет.

 

 

-Жаңы тажрыйба болгондон кийин, сизге дистанттык окуу кандай болуп жатат?

 

 

-Мисалы, мага дистанттык окуу андай деле оор болгон жок. Себеби, мен бир жагынан көп болбосо дагы медиа боюнча маалыматым бар жана «Кыргызстан санарип мугалим «деген конкурс башталганда, ошол жакта да Асылбек Мадалиев менен Мирлан Нарматалиев агайлардын дагы  бизге көп жардамы тийди десем жаңылышпайм. Себеби, азыркы учурда менде ноутбук жок. Телефон аркылуу ошол агайлар үйрөткөн программалар менен видео сабак жасап жатамын. Мисалы: Kinemaster, Canva, Scoompa, Inshot. Ал эми окуучулар менен онлайн аркылуу байланышканда Zoom , Duo, WhatsApp, Google class сыяктуу программалар мага жардам берип жатат.

 

-Кызыктуу. Айзат, медиа чөйрөсүнө кантип келип калдыңыз?

 

-Негизи, мен Ош шаарындагы С.П. Королёв атындагы мектепте англис тили мугалим болуп иштейм. Чындыгында, медиа мен үчүн өтө чоң жаңылык жана менин жашоомдо бурулуш болду. 2018-окуу жылы, мектептин медиа бурчуна жооптуу болгон мугалимдин жардамчысы болуп баштагам. Эч түшүнүгүм жок болчу. Албетте, телефонду колдонгонду билчүмүн, бирок биз көрүп, кармап жүргөн нерселердин эмнеге жана кантип туура колдонуу керектигин билчү эмесмин.

 

Ошентип,  аралаша баштап, анан эле 2019-жаңы окуу жылынан баштап, медиага жооптуу болуп калдым. Сентябрдын башында «Мыкты Медиа бурч» конкурсу башталганынан, окуучулар менен иштеп баштадык .5-ноябрь күнү медиа бурчтун жыйынтыгын чыгаруу Форум болгон. Ошол күнү ондукка кирген мектептердин арасына биздин мектеп да кирди. Мен ыраазычылык баракчасын алганда, башкача сезимдер пайда болду. Чынын айтсам, медиага кошулганымдан бери ойлорум жана жашоого болгон көз карашым 180 градуска өзгөрүлдү. Кайра эле,  Бишкекке ММК борборунун Орто Азиядагы Биринчи Медиа жана маалымат боюнча уюштурулган конференциясына барып келип, ал жактан дагы көп маалымат алдым.

 

 

-Сизди Медиалабораториянын бүтүрүүчү катары билебиз. Медиалаборатория жөнүндө эмне айта кетесиз?

 

— Пайдалуу жана өтө кызыктуу болду, себеби мен билбеген жана түшүнбөгөн нерселерди билдим, суроолорго кеңири жоопторду ала алдым. Медиалабораторияда биринчи эле медиа, маалыматтын адамга болгон таасири,интернеттин пайдалуу жана зыяндуу жактары,сын пикир жөнүндө өттүк. Андан сырткары, фактчек, кибербулинг, Google, Kahoot программалары тренерлер сонун маалыматтарды бизге жеткирип, так айтып беришти. Мугалимдер аябай ыраазы калды, анткени мындай маалыматты эч жерден ала албайт элек.

 

Медиалабораторияны аяктагандан кийин,  январь айында окуучуларга каникул учурунда Ош шаарындагы бардык мугалимдерге семинарлар уюштурулган эле. Ошол семинар учурунда орус, кыргыз жана өзбек тилдүү мектептердин мугалимдерине медиалабораториянын тренингтеринен үйрөнгөн маалыматтарды айтып, үйрөттүм. Жалпы 420 мугалимдерге медиа, медиа жана маалыматтык сабаттулук боюнча тренинг өттүм.  Андан сырткары, 9 жана 10 класстын 92 окуучуларына да семинар өттүм. Буйруса, дагы сонун сабактарды өтөйүн деп пландаштырып жатамын.

 

Мындан канча жылдар мурун, биз жазып жана окуй алган адамдарды сабаттуу деп билчүбүз. Ал эми азыркы заманда интернет менен жашап жаткан учурда, ар бир адам медиа сабаттуу болсо деп ниет кылам. Медиа сабаттуу болуш үчүн, ар бир адам маалыматты жана маалыматтык технологияларды пайдаланганды билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болуш керек. Медиасабаттуулук — бул образдарды, добуштарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуу, анализдөө жана баалоо жөндөмдүүлүгү жана ошондой эле, медиа дүйнөдө жеке максатта компетенттүүлүк менен пикир алмашуу жөндөмү.

 

-Маегиңизге чоң рахмат! Иштериңигзе ийгилик!

 
IMG-20200109-WA0007

20191214_132936

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*