“Технология каражатын күндөлүк турмушта туура пайдалануу үчүн да медиа сабаттуулук керек” – Наргиза Эркебай кызы

Медиа, медиа сабаттуулук жана медиа сабаттулуктун биздин жашообуздагы орду жөнүндө МедиаЛабтын активдүү бүтүүрүчүсү жана башталгыч класстын жаш мугалими, Наргиза Эркебай кызы менен маектештик. Ал ыр-макала жазууга жана журналистикага бала кезинен бери кызыгып келчү.

 

— Медиа сабаттуулук деген сиз үчүн эмне? Медиа сабаттуулук адамга керекпи?

 

— МЕДИА — ортомчу деген маанини түшүндүрөт. Мен үчүн: «Медиа — бул күнүмдүк жашоо. Медиа — интернет, телефон, компьютер, фото, Whatsapp, Facebook, Instagram, статус, санарип, өмүр, саякат жана башка нерселер. Убакытты үнөмдөп, кагаз ишин азайуусу, андан сырткары маалыматтардын чын же жалган экендигин аныктоодо, технология каражатын күндөлүк турмушта туура пайдалануу үчүн да медиа сабаттуулук бизге керек. Анан кантип бизге туура жол көрсөтүп, ишибизди жеңилдетип бизге ортомчу жардамчы болуп жатса, медиа сабаттуулук керек эмес дейбиз?

Медиа сабаттуулук бир эле мугалимдерге гана эмес, адамдардын баарына керек. Жөнөкөй инсан да, жок дегенде, өзү колдонуп жаткан телефонунун мүмкүнчүлүктөрүн медиа сабаттуулук менен колдонуусун сунуштайт элем.

— Медиа боюнча кантип иштеп калдыңыз?

 

— Ар бир адамда өзүнүн кызыккан хоббиси болот эмеспи. Мен ыр-макала жазууга, фотомодель болууга, журналисттикке кызыккандыктан, мектептеги болгон иш-чараларды фото, видео аркылуу  социалдык тармактарга чагылдырып жүрчүмүн. Анан бир нерсени түшүндүм — журналист болууга, журналистикага окуу шарт эмес экен да. Себеби, ошол журналистика талантың болсо, кайсы жерде иштебесең да, ошол журналистиканы алып кетсең болот экен да. Бир күнү мектептеги жакын сырдаш Аида Тагаева деген эжекем мени жардамчы кылып алды. “Азыр медиа сабаттуулук боюнча долбоор ачылды”- деп калды. Көп өтпөй эле, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулдук башчысы Тынчтыкбек Досмуратов агай менин социалдык тармактарда активдүүлүгүмдү байкап, медиа сабаттулук боюнча семинарга жиберди.

 

Медиа тармагында иштей баштагандан кийин, Ошто Медиачылардын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов Оштогу медиа боюнча жооптуу мугалимдерди CamilCon Биринчи Борбордук Азиялык конференцияга Бишкекке алып барды. ММК колдоо борбору семинарга барып келүү үчүн керектүү болгон каражаттарды өздөрү каржылап, үч күн семинарга катышып келдик. Украинадан, Россиядан, Финляндиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Таджикистандан медиа багытында иштеген элчилер келип, лекция өтүштү. Биздеги медиа сабаттуулук, аларда кандай өнүккөндүгү тууралуу тажрыйба алмаштык.

 

— МедиаЛабда эмнелерди үйрөндүңүз? Сиз үчүн пайдалуу болдубу?

 

— Албетте, пайдалуу болду, анткени азыр техниканын өнүккөн заманы эмеспи. МедиаЛабда тренер Чоробек, Алмаз агайларыбыз биз билген сайттарды жана көптөгөн жаңы программаларды үйрөтүштү. Ошондо медиа боюнча толук маалыматты алдым. Бизге убакытты үнөмдөөнү, интернетти туура пайдаланууну, социалдык тармактарды максаттуу колдонууну, кылган ишибизди макала кылып жарыялоону, кагаз ишин азайтууну, технология менен иштөөнү үйрөттү.

 

МедиаЛабда үйрөнгөн программаларды иш-тажрыйбамда практика жүзүндө колдонуп келем. Kahoot, Plicers, ZipGreid, Wordcloud программалары мага окуучуларга тест түзүүдө, слайд даярдоодо чоң жардам берип келет. Чындыгында кагаз ишим азайды. Өзүм жазган макалаларды да сайттарга жарыялап келем. ММК колдоо борборуна жана тренерлерге ыраазычылыгымды билдирем.

 

— Медиа cабаттуулук боюнча өзүңүз да семинар өтүп көрдүңүзбү? Жыйынтыгы кандай болду?

 

— Алгач эле өзүм иштеген Барпы Алыкулов мектеп-гимназиясынын мугалимдер жамаатына «Медиа сабаттуулук деген эмне? Медиа сабаттуулук бизге керекпи?  деген темада 66 мугалимге семинар өтүп бердим. Алар медиа сабаттуулук боюнча маалымат алышкандан кийин, өздөрүнүн мектепте кылган иштерин социалдык тармактарда максаттуу чагылдырып келишет. Биздин мектепте 66 мугалим эмгектенет. Мен ишеним менен айта алам, биздин мугалимдер баары медиа сабаттуулук менен иштеп жатышат.

 

Андан сырткары, Ош шаарындагы мектептердин социалдык педагогдоруна жана 50 мугалимге «Медиа — деген эмне? Медианын мүмкүнчүлүктөрү» деген темада жогорку деңгээлде семинар өттүм. Аябай ийгиликтүү болду.

Азыркы технологиялык заманда ар бир мугалимди соц тармактардан баалап калышты да. Мисалы: кээ бир мыкты мугалимдер аябай иштешет, бирок алардын жумушун эч ким көрбөйт жана баалабайт. Ошондой мугалимдерге мен медиа сабак боюнча сабак өтүп бердим.

Себеби МедиаЛабда үйрөнгөн Kahoot программасынан суроолорду түзүп, кызыктуу оюндар менен мугалимдердин мээсине чабуул жасап, семинар жемиштүү болду. Учурда алардын медиа сабаттуулук менен иштеп жатышканын, социалдык тармактардан текшерип көрүп турам. Алар мага жылуу сөздөрдү айтышты: “Жаш болгонуңа карабай, тайманбай, биздей чоң мугалимдерге билгениңди үйрөткөнүңө чоң рахмат. Биздин кагаз иштерибиз азайды”. Демек, мен бир нерсени үйрөтө алдым деп кубандым.

 

— Өзүңүз башталгыч класстын мугалими экенсиз. Учурда социалдык педагог кызматын өтүп жатасыз, сиз үчүн бул жумуш оор эмеспи?

 

— Мен бир нерсени айткым келет: «Эгерде адам өз кесибин сүйсө, ал ар бир кылган ишинен ырахат алат». Мен ошончо кесиптин ичинен балалык кыялым менен тандаган мугалимдик кесибиме өкүнбөйм. Азыр мугалим болуп иштеп жатканыма сыймыктанам. Жан дүйнөсү аппак, суудай аруу, таза балдар менен иштешкен мени кайра жашоого шыктандырат. Окуучулардын «Саламатсызбы, эжеке» — деген сөздөрү үчүн мен мектептен кетким келбейт бир өмүр. Ушул мугалим болуп иштеп, мугалимдиктин артынан көп ийгиликтерге жеттим.

 

Ал эми социалдык педагог кызматым тууралуу айтсам сөз көп…Бирок, негизгиси, мен социалдык педагог катары балдарды социалдык жактан коргоп, аларга колдоо көрсөткөнүм сооп иш деп билем. “Иши оор” деп таштап койсом болмок, бирок андайга жүрөгүм чыдабайт. Турмуш шарты оор үй-бүлөлөр жана тарбиясы оор балдар көп. Аларга жардам бергим келет.

 

— Наргиза  келечекке кандай пландарыңыз бар?

 

— Келечекте, медианын артынан Финляндияга, Украинага, Германияга, Америкага барып билимимди өркүндөтүп, иш-тажрыйба арттырып келсемби деген пландарым бар.

 

— Азаматсыз, Наргиза! Ишиңизде ийгиликтер боло берсин. Сиз менен маек куруп,  сиз жөнүндө көп нерсени билип алдык. Маегибизди ыр менен жыйынтыктап бербейсизби.

 

— Жашоону сүйүп турган,

Булактай агып турган.

Жөнөкөй мугалимдин,

Күрмөсүн кийип турган.

Жөпжөнөкөй жашоосу бар,

Максаттары баарынан бийик турган,

Бул — МУГАЛИМ.

 

Коомубузда мугалим болуп иштегендер, мугалимди барктап, сыйлагандар көбөйсүн. Эң таза кесип мугалимдик. Ошон үчүн азыркы жаш муундарга мугалим болуп иштөөнү сунуштамакмын. Мугалим болсоңор, мага окшоп медиачы да болосуңар…(күлүп).

 

FB_IMG_1581080321723 (1)FB_IMG_1581081980229

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*