Эссе конкурсуна катышып журналистиканын негиздерин үйрөтүүчү курстарга катталууга шашылыңыздар!

IMG_8090“ММК колдоо” борбору 15-февралдан 10-мартка чейин “Заманбап журналистиканын азыркы жашоодогу орду” деген темада эссе конкурсун жарыялайт. Ага медиа чөйрөсүнө кызыккан 10-11 класстын окуучулары, 1,2,3 — курстун студенттери катыша алышат. Эсседе ММКнын пайдалуу жактарын жана заманбап журналистикага болгон ар тараптуу көз карашыңарды жазуу талапка ылайык.

 

Мыкты эссе ээлери журналистиканын негиздерин үйрөтүүчү “Media Literacy Course” – уникалдуу программасына катышуу мүмкунчүлүгүнө ээ болушат. Программанын негизги максаты жаш муундарга заманбап ММКнын иштөө принциптери менен тааныштыруу, ар түрдүү маалыматтын үстүнөн иштеп чыгууну үйрөтүү болуп саналат. Ошондой эле катышуучулар өздөрүн теле алып баруучу жана ди-джей катары да сынап көрүшүп, билимдерин теория жүзүндө гана эмес, практика жүзүндө да бекемдей алышат. Конкурстун катышуучулары белгилүү телеканалдардын, радиостанциялардын жана маалымат агенттиктеринин ички түзүлүшү менен таанышууга багытталган экскурцияларга катышыша алышат. Ошондой эле басмакананын ички түзүлүшү, технологиялары менен да кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

Конкурстун тренерлери — КТРКнын журналисти Эркин Рыскулбеков, “Ынтымак” радиосунун ишмери Каарманбек Кулуев, 5-каналдын кабарчысы Айсулуу Текимбаева сыяктуу белгилүү журналисттер жана кесибинин мыкты устаттары “ММК колдоо” борборунда жаштарга сабак өтүшөт.

 

Катышуучулардын эсине:

 

Конкурска катышууга кызыктар болсоңуз 1 же 2 барактан кем болбогон эссеңизди бизге жөнөтүп жибериңиз. Конкурс кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Даяр болгон эсселер pm@msc.kg электрондук адресине 2016-жылдын 25-мартына чейин жиберилиши зарыл.

 

“Media Litteracy Course” программасынын жазгы сезону ар биринде 20 кишиден турган эки группага окутулат.

 

Алыскы региондордон келип окуй турган катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан транспорттук каражатын жаба турган стипендия бөлүнүп берилет.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн: (0312) 530000 жана 0701 112285 номерлерине кайрылсаңыздар болот.

 

IMG_7648 IMG_8117IMG_0920IMG_1046

(Русский)

(Русский)