Журналистика мектебине катышууга кароо сынак өткөрүлөт

ЖУРНАЛИСТИКА МЕКТЕБИНЕ КАТЫШУУГА КАРОО СЫНАК ӨТКӨРҮЛӨТ

“Журналисттер” коомдук бирикмеси «Journalist news» гезитинин алдындагы журналистика мектебинин катышуучуларын кабыл алуу боюнча кароо сынак жарыялайт.
Гезит алдында мектеп ачылып, ага кабыл алынган окуучулар бир ай аралыгында теориялык билим гана албастан, практикалык иштер менен тыгыз алектенет. Журналистика мектебинин катышуучулары:
– журналисттик стандарттардын негизинде макала, жаңылык жазганды үйрөнөт;
– гезиттин чыгарылышы менен жакындан таанышат;
– катышуучулар жазган материалдар айрым республикалык маалымат агенттиктердин сайттарына, долбоордун сайттарына (http://aimaknews.kloop.kg, www.journalist.kg) жана «Journalist news» гезитине жарыяланат;
– кыргыз тилдүү белгилүү журналисттердин мастер-класстарына катышат;
– журналисттик ишмердүүлүктүн юридикалык негиздери жана этикалык нормалары менен таанышат;
– мектептин катышуучуларынын даректери жана материалдары кыргыз тилдүү ЖМКларга сунушталат.

Облустун борбору үчүн:
– «Journalist news» гезитинин журналистика мектебине баардык жаш курактагы каалоочулар кабыл алынат. Негизги критерий – журналистика боюнча билим алууга ынтызарлыгы;
– окуучулардын саны – 5тен ашык эмес;
– теориялык сабактар 3 күн толугу менен;
– практикалык иштер Интернет аркылуу;
– окуу мөөнөтүү 1 ай;
– окуу баасы: 500 сом;
– мектепке кабыл алуу кароо сынактын негизинде өтөт;
2012-жылдын февраль айындагы окутуу Бишкек шаарынын тургундары үчүн өткөрүлөт. Мектепке катышууну каалагандар резюмеңерди төмөнкү электрондук даректерине: meri.bekeshova@gmail.com же tokoevm@gmail.com. Байланыш телефондору: 0555820081, Мэри Бекешова
Ал эми кийинки окутуу 2012-жылдын март айында Баткен шаарында өткөрүлөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*

(Русский)

(Русский)