ММК колдоо борбору «Мекенимдин мурастары» аттуу макала конкурсун жарыялайт

Сырты Терскей-Алатау. Влад Ушаковдун сүрөтү

Сырты Терскей-Алатау. Влад Ушаковдун сүрөтү

Урматтуу достор, “ММК колдоо” борбору “Мекенимдин мурастары” аттуу макала конкурсуна сынак жарыялайт. Ким өз элинин өткөөл тарыхын үйрөнүүгө жана аны мурастоого кайдыгер карабаса, өз жеринин тарыхына кулап төшөп кызыкса буларга чоң мүмкүнчүлүк.

 

Эң мыкты жана эң ишенимдүү деп табылган макалалар калыстар тарабынан тандалып, Кыргызстандын белгилүү гезиттеринде басылып чыгат.

 

Конкурска катышуу үчүн msc.kg сайтындагы анкетаны толтуруп, анда сиз жумушуңузду жана байланыш даректериңизди көрсөтүүңүз зарыл. Аны pa@msc.kg эл.дарегине жибериниз же Анкара к.1б адресине алып келиниздер.

 

Бул конкурс бардыгына ачык. Макалада сиз жашаган шаар, район, кыштак, көчөлөр жөнүндө же белгилүү мекендештер тууралуу жазсаңыз да болот.

 

Эмгекти тапшыруу мөөнөтү: 2016-жылдын 1-мартынан 1-июнга чейин.

 

Кошумча суроолорду pa@msc.kg электрондук адресине жөнөтүңүздөр. Же болбосо +996 554 880503 номерине кайрылыңыздар.

 

Конкурска катышып өз мекениңиздин тарыхын жазууга салым кошуңуздар!

 

Билдирме

 

Тандоо критерийлери

 

(Русский)

(Русский)